КЫРГЫЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫРГЫЗДАР – эл, КРдин негизги калкы; Борб. Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Жалпы саны 4 млн киши (2008), а. и. 3 674 395и КРде (2009). Казакстанда 40 000 (2009), Өзбекстандын түн.-чыгышында 600 миң (2009), Тажикстанда (Тоолуу-Бадахшан АО) 81 миң (2006), Россияда

31 808 (2002), Кытайдын түндүгүндө (негизинен Кызыл-Суу АО, Синьцзян-Уйгур автономиялык району ж-а Ички Моңголиядагы Хэйлунцзян провинциялары) 200 миң (1995), Афганстандын түн.-чыгышында (Чоң ж-а Кичи Памир, Гинду­куш ж-а Бадахшан провинциясы) 10 миң (2009), о. эле Пакистандын түн.-батышында, Түркияда (Адана, Анкара, Ван, Малатья вилайети) да жашашат. Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт. Ант­роп. жактан моңгол расасынын Түш. Сибирь бөлүгүнө кирет. Дини – мусулман-сунниттер. Окумуштуулар лингв. ж-а ономастикалык ме­тоддорго таянуу м-н «кыргыз» этнонимин ил. негизде чечмелеп, ар кыл бөлүктөргө ажыратып түшүндүрүүгө аракет жасашкан. Анын айрым

Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанат.

варианттары: «кырк-гуз» («кырыг-огуз») = «кызыл огуздар» (Н. А. Баскаков); «кыргу(з)» =

«кызыл» (К. И. Петров); «кыр [кыз(ыл)] – гыз», б. а. «кызыл жүздүү гыз» (А. Н. Кононов) деп эсептешсе, Ю. А. Зуев «karkasa» (индииран тили), «kahrkasa» (авеста тили), «kargas» (пех­леви же о. кылымдагы фарсы тили), «karges» (памир-иран тили), «carkas» (согду тили) аркы­луу «cirgus» (осетин тилинде «бүркүт») м-н бай­ланыштырган. Синолог П. Пельонун (Pelliot) пикири б-ча кытай транскрипциясы моңгол тилиндеги «киркун» (алгачкы формасы «Kien-k–un», жеке түрүндө «Qirqun») аркылуу кабыл алынып, көптүк түрдө «киркизга» («Qirqis») айланган. В. Минорский түрктөрдүн «40» саны­на салыштырып, көптүк түрү «киркиз» («Qirq- is») экенин көрсөткөн. Кыргыз этноними алгач кытай тарыхчысы Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалар» («Ши цзи») аттуу эмгегинде (б. з. ч. 203–201-ж.) «гегун» транскрипциясы м-н берилген. Кытайдын Хан (б. з. ч. 206 – б. з. 205), Тан (618–907), Сун (960–1279) династияларынын тарыхында гяньгунь, гюйву, гйегу, гйегйесы, гягяс, сяцзяс, хагас, хягас, хакяньсы, хэгу, цзегу (цзйегу), цигу (цзюу), цзяньгунь, цзянькунь ж. б. түрүндө кезигет (к. Ге-гун, Енисей кыргыздары, Кыргыз кагандыгы). Орхон-енисей рун жазуула­ры чечмеленгенден кийин аталган транскрип­циялар кыргыз этнонимине тиешелүү экени аныкталган. Кытай иероглифиндеги «цзегун» м-н «кара кыргыз» (б. а. жалпы кыргыз) деген аталыштын окшоштугун окумуштуу Н. Г. Мал­лицкий да белгилеген, бирок алардын азыркы К. м-н түздөн-түз байланышы бар (Н. Аристов, Б. Солтоноев) же жок (М. Жамгырчинов, Л. Кызласов) экени тууралуу маселе тактала элек. Ал эми азыркы кыргыз этноними 11–16- к-дагы тарыхый маалыматтарда кезиккен (к. Махмуд Кашгари, Мухаммед Хайдар, Рашид ад- Дин, Сайф ад-Дин Аксыкенти) К. м-н тикеден тике этногенетикалык байланышта болгондугу талаш туудурбайт. Тарыхый жазма булактарда б. з. ч. 3-к-дан эскерилген К-дын ата журту туу­ралуу ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Ал­гачкы кыргыз журту Енисейде (Түш. Сибирде) жайгашып, Теңир-Тоого кийин келген (В. В. Бар­тольд, К. И. Петров ж. б.) дешсе, башкалары (Ө. Караев, Ю. Худяков ж. б.) байыртадан эле Чыгыш Теңир-Тоону мекендегенин далилдешет, айрымдары (А. Маргулан) Кырг-ндын автохтон­дуу (жерг.) эли болгон деген көз карашта. Илим­поздордун көпчүлүгү кыргыз элинин негизги өзөгү Ички Азияда жаралып, этностук тарыхы байыркы уруулар (хунн, динлин, сак, усун ж. б.) м-н байланыштуу деген пикирди колдойт. Тан династиясынын тарыхы (Тан-шу) б-ча ба­йыркы мезгилде К-дын (гяньгунь) күчтүү мам­лекети болуп, хунндардын батыш чек арасы­нан орун алган. Ю. Худяков, Л. Боровкова, Д. Савинов ж. б. окумуштуулар б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыгынын башында байыркы кыргыздар (гяньгун) Ени­сей ж-а Түн.-Батыш Моңголия эмес, Чыгыш Түркстанда жайгашкан деген тыянакка ке­лишкен.
Б. з. ч. 50-жылдары хунндардын башчысы (шанүй) Чжичжи К-дын мамлекетин басып алган соң, К. хунндарга баш ийип, анын тааси­ринде өнүккөн, кийинчерээк К. динлиндер м-н аралашып кеткен. Кытай жазма булактарында К. эл катары б. з. 1–5-к-нда түрк урууларынын

телес (тйэле) уруу бирикмесине коңшу катары Иунун (Хами же Комул) батышында, Яньци­нин (Яньчжи же Карашаар) түндүгүндө, Бай- Шанга (Ак-Тоо) жакын жайгашып, башчысын «ажо» деп атап, ордосу Кара-Тоо (Цин-Шань) болгону эскерилет. Батыш Түрк кагандыгынын (603–704) тушунда бир тууган кагандар Иби Ду­лу-хан ж-а Хилиши тарабынан түзүлгөн (638–39) келишим б-ча Иле өзөнүнүн батышы Дулуга тийип, К. (Гйегу, Хягас) анын кол алдында кал­ган. О. кылымдагы энциклопедиячы-окумуштуу Марвази (11–12-к.) түрктөрдүн жери Маве­раннахр, Хорезм м-н чектешкенин, түрктөр кыр­гыз, кимак, гуз (тогуз огуз, уйгур), карлук, печенег (баджанак), кыпчак (хифжак) хазар, мадьяр деген уруулардан турганын «Таббаи ал Хайаван» деген эмгегинде жазган. Мухаммед ибн Бекран (12–13-к .) б-ча К. Аму-Дарыянын (Атиль) баш жагындагы тоолордо жашаган. 13–16-к-да К. жашаган аймак моңголдордун кол алдында калган (к. Моңгол басып алуулары, Моңгол империясы). Кыргыз элинин калыпта­нуу процесси болжол м-н 11–15-к-да аяктап, батыштан-чыгышка карай Түн. Теңир-Тоодон Куньлунь ж-а Гиндукуш тоолору, түштүктөн­түндүккө Куча ойдуңунан Түркстан тоо кырка­ларына чейинки аймакты ээлеген. 15-к-дын 2- жарымында Тянь-Шанда (Теңир-Тоо) К-дын өз алдынча саясий бирикмеси түзүлгөн. Кыргыз санжырасында К-дын пайда болушу негизинен Долон бий ж-а анын эгиз уулдары Ак уул (оң, же оң канат), Куу уул (сол, же сол канат) м-н байланышат. Бирок 16-к-да К-дын оң канат уруу бирикмеси Отуз уул, Салусбек Булгачы тукуму аталган топтон турса (к. «Мажму ат-Таварих»), кийин отуз уул оң, солдун курамына, Булгачы башка уруулар м-н бирге ичкиликтерге кирген. КЭРде жашаган К. отуз уулдун бардык тобун сол канатка, ичкиликтерди толук оң канатка киргизет. Изилденип жаткан маалыматтар б-ча азыркы К. Ак уул, Куу уул ж-а ичкилик деп аталган өзүнчө үч чоң топко бөлүнөт. Оңго ади­гине, тагай ж-а муңгуш; солго кушчу, саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй, чоң багыш; ичкиликке найман, тейит, кесек, жоо кесек, каңды, бостон, нойгут, дөөлөс, ават, кээ бир учурда кыдырша уруулары да кирет. 16–18-к-да Жуңгар хандыгынын кыргыздарга каршы чабуулуна активдүү күрөшкөн (к. Кыргыз-кал­мак (ойрот) согуштары). Бул мезгилдеги кы тай жылнаамаларында (Шофанбэйчэн, Пиндин чжуньгээр фанлюе, Да Цин личао шилу ж. б.) К-ды бурут (булутэ) деп атаган учурлар кезде­шет. 16–18-к-дарда кыргыз-кайсактар ж-а К. өз-өзүнчө эл экени аныкталып (к. Женкинсон, Ефремов), казактардан айырмалоо үчүн К-ды «тоолук кыргыз», «кара кыргыз» деп аташкан (И. Андреев, А. Левшин ж. б.). 19-к-дын 1-жа­рымында К. Кокон хандыгынын сурагында калган. 19-к-дын 2-жарымында адегенде Түн. Кырг-нды, кийин Түш. Кырг-нды Россия импе­риясы өзүнө караткан (к. Кыргызстандын Рос­сияга каратылышы). Орус революциясынан (1917) кийин 1918–24-ж. Түркстан АССРинин курамында; 1924-ж. 14-октябрда О. Азия элдери­нин улуттук-мамл. бөлүнүшү ж-дөгү чечимге ылайык Кара-Кыргыз АОсу (1925-жылдын 25-майынан Кыргыз АОсу, 1926-жылдын 1-фев­ралынан Кыргыз АССРи, 1936-жылдын 5-де­кабрынан Кыргыз ССРи) болуп түзүлүп, РСФСР-дин курамына кирген. СССРдин кулашы м-н 1990-ж. 15-декабрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө», 1991-ж. 31-августта «Кыргыз Республикасынын мамле­кеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү» декла­рациялар кабыл алынып, Кыргыз Республика­сы өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган. К. узак тарыхый тагдырында толук кандуу эге­мендүүлүккө жетип, көз каранды эмес мамлекетке ээ болду


Ад.: Джамгырчинов Б. Киргизы в эпоху Ормон хана (Из истории феодально-родовых войн киргизов в XIX в). Ф., 1945; Юнусалиев Б. М. К вопросу о фор­мировании общенародного киргизского языка. //Тру­ды ИЯЛ АН Кирг. ССР. 1956, вып. VI; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Петров К. И. Очерк происхождения киргизского народа. Ф., 1963; Караев О. Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1–2; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф), Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих­и Рашиди. А., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыр­гызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Кыргызская госу­дарственность в XX веке (Документы, история, ком­ментарии) / Сост. А. Джуманалиев. Б., 2003; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003, Т. 1–2; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т.Д. Джуманалиев, Б., 2007, Т. 1–2; Балыкооздун санжырасы. Б., 2009.

Э. Турганбаев.