КЫРГЫЗ-АТА ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗ-АТА ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Эски-Ноокат кышнан 12 км түштүктө, Кыргыз-Ата суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1800–2300 м бийикте. 1989–90-ж. чалгындалган. Кен аймагы силур, девон системаларынын жанартоо-чөкмө катмарларынан, таш көмүр мезгилинин интрузияларынан түзүлгөн. Чополуу бүлөө таш (сланец) силур мезгилинде пайда болгон. Бүлөө таштын өңү каралжын боз, чымкый кара, калыңдыгы 60 мден 200 мге чейин, көөп чыгуу темп-расы 1170–1200°С, көөп чыгуу коэфф. – 4, 5, алынган керамзиттин тыгыздыгы 0,56 г/см3. Чополуу бүлөө таш 1-категориядагы керамзиттик шагыл, кум алууга жарамдуу. Запасы В категориясы б-ча 1170 миң м3, С– 4182 миң м3..