КЫРГЫЗ-АТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫРГЫЗ-АТА – Ноокат р-нундагы суу, Араван-Сайдын оң курамы. Уз. 42 км, алабынын аянты 298 км2, бийикт. 3240 м. Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан башталат. Негизинен кар (22%), мөңгү (39%), булак сууларынан (39%) куралат. Жылдык орт. чыгымы 4,18 м3/сек. Эң көбү июнь – июлда, эң азы февраль – мартта байкалат. 6 куймасы бар; ирилери: Курган, Шамшалы (оң), Карагой (сол). Сугатка пайдаланылат. Боюнда Имам-Ата, Ак-Булак ж. б. кыш. жайгашкан.