КЫРГЫЗ АССР ЭЛ КОМИССАРЛАР СОВЕТИ (ЭКС): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗ АССР ЭЛ КОМИССАРЛАР СОВЕТИ (ЭКС) – 1927–37-ж-дагы респ-нын аткаруу бийлиги. К. А. ЭКС аны м-н бирге мыйзам чыгаруу, башкаруу иштерине да катышкан. Ал 1927-ж. 7–12-мартта өткөн Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездинде Кыргыз АССР БАК тарабынан түзүлүп, анын төрагалыгына Ж. Абдрахманов дайындалган. Ал Кыргыз АССР БАКтын Президиумуна жоопкер болгон ж-а ага отчёт берип турган. Ага жер, финансы, эл агартуу, эмгек, саламаттык сактоо, жумушчу-дыйкан ж. б. комиссариаттар караган. К. А. ЭКС респ-нын аткаруу бийлиги катары мамл. ж-а жерг. бийликтин иштерин жөнгө салып турууга тийиш болгон.
Ад.: Нурбеков К. Нуралиев Э. Высшие органы государственной власти Киргизской ССР. Ф., 1962; Нурбеков К. Возникновение киргизской советской национальной государственности. Ф., 1964; У истоков кыргызской национальной государственности /Под ред.: Т. К. Койчуева, В. М. Плоских, Т. У. Усубалиева. Б., 1996; Кыргызская государственность в XX веке (Документы, история, комментарии) / Сост. А. Джуманалиев. Б., 2003.
К. Алымкулов