КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК СИМФОНИЯЛЫК ОРКЕСТРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК СИМФОНИЯЛЫК ОРКЕСТРИ А. Ж у м а к м а т о в а т н. – муз. коллектив. 1969-ж. башында алгач 28 музыканттан турган камералык оркестр түзүлгөн, 1969- жылдын декабрында Кыргыз ССР телерадиоко­митетинин алдында Министрлер Советинин чечими м-н курамы 46 музыканттан турган симф. оркестр уюшулган. Көркөм жетекчиси ж-а башкы дирижёру А. Жумакматов (2008-ж. чейин) болгон. 1970-жылдын 9-февралында оркестрдин тушоо кесүү концерти өткөрүлүп, комп. М. Абдраев, К. Молдобасанов, А. Жаныбеков, М. Бурштин, А. Мурзабаев ж. б-дын чыгармалары аткарылган. Оркестр кыргыз обончуларынын, композиторлорунун ырларынан тартып, көлөмдүү симф. чыгармаларга чейин КР телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жаздырган. Азыркы күндө оркестр КМШ өлкөлөрүндөгү мыкты оркестрлердин катарында. Оркестрдин коштоосунда кыргыздын атактуу ырчылары гана эмес, СССР эл арт. Е. Образцова, Е. Нестеренко, И. Архипова, Т. Куузик ж. б. да ырдашкан, белгилүү дирижёрлор Е. Светланов, А. Жу­райтис, Б. Хайкин, Ю. Домаркос, Ю. Темирка­нов ж. б. дирижёрлук кылган ж-а А. Хохлов, И. Машкевич, А. Георгиев, Ж. Каныметов, Н. Рысалиев, Р. Осмоналиев ж. б. музыкант­тар да иштешкен. 2004-ж. оркестрге А. Жумакматовдун ысмы берилген. 2008-жылдан азыркы КР Мад-т ж-а туризм министрлигине караштуу, башкы дирижёру – Р. Осмоналиев.