КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК КАМЕРАЛЫК ХОРУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗ АКАДЕМИЯЛЫК КАМЕРАЛЫК ХОРУ – 1974-ж. Кыргыз ССР Телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими м-н уюшулган. Алгачкы жетекчиси К. Алиев. Хордун репертуары жерг. ж-а чет өлкөлүк композиторлордун (В. Моцарт, Ж. Верди, С. Танеев, С. Рахманинов, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Юсупов ж. б.) классикалык чыгармаларынан

(хорлор, кантаталар, реквиемдер) түзүлгөн. Коомдук телерадиокорпорациясынын алтын казынасында хордун аткаруусунда 500дөн ашык чыгарма бар. Хор конкурстарга, фестивалдарга катышып турат. Кыргыз элинин классик композиторлору А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, А. Жаныбеков, С. Осмонов, Э. Жумабаев, А. Жээнбаев, С. Айтикеев ж. б-дын чыгармалары; элдик ырлар ж-а М. Баетов, А. Огомбаев, Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, А. Атабаев, К. Тагаев ж. б. обончулардын үлгүлүү ырлары хор ж-а а`капелла үчүн иштелип чыккан. Хордо жогорку квалификациялуу В. Базылбекова, К. Исмаилова, З. Тоялиева, О. Жапаров, Ч. Дүйшөналиев, С. Урманбетова, Б. Ыбыкеев сыяктуу ырчылар эмгектенишет. Камералык хор Ленин комсомолу сыйлыгынын (1978), Казакстанда өткөн хор искусствосу б-ча эл аралык конкурстун (2007) лауреаты. 2008-жылдан азыркы КРдин Мад-т ж-а туризм министрлигине караштуу. Жетекчилери: В. Д. Гумбин (1976–91, 1999–2001), К. Нурматов (1992–94), кыргыз аялдарынан чыккан туңгуч дирижёр Г. Маматова 2001-жылдан.