КЫПЧЫЛМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫПЧЫЛМА – Өзгөн р-нунун аймагындагы кооз капчыгай. Фергана тоо тизмегинин түш.- батышындагы Жазы өрөөнүнүн ортолук, антецеденттик бөлүгүн ээлейт. Жазынын оң куймасы – Чыттыдан ылдый, 1950 м бийиктен башталып, капчыгайдын кууш оозу 1820 м бийикте бүтөт. Уз. 7 кмге жакын, өтө кууш, терең каньон бөлүгү 1 кмге созулат; туурасы 50–60 м, айрым жерлери андан да кууш. Капчыгай палеозойдун акиташ, филлит, сланец, кумдук тектеринен турган Кыпчылма антиклиналын төртүнчүлүк мезгилде Жазы суусу жырып жеп, кесип өтүшүнөн пайда болгон. Капталдары тик, бир кыйла жери жалама аска-зоока. Күн чыгыш жак оң бети 700–800 мге жеткен тик аскалуу. Сол жак бетинде чолок сайлар, эшилме корум таштар көп. Мурда, зоокаларды жарып жол салганга чейин, адам аска, жарларга жармашып, терең капчыгайдан араң өтчү экен. Өзөндүн нугу зоокалардан түшкөн зор таштарга толгон. Жазынын суусу таштан-ташка урунуп, шаркырап, капчыгайдын ичин жаңыртып тез агат. К-нын ичи каксоо, өсүмдүктөргө жарды; бадалдар сейрек, арча, карагай чанда учурайт. Капчыгай аркылуу автомобиль жолу өтөт. К., андан жогору жайгашкан Качыраалы коругу, Кара-Шоро ж. б. кооз жерлер зор кызыгууну туудурат.