КЫПЧАКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫПЧАКТАР – Борб. Азиядагы байыркы түрк уруулар тобу. Кээ бир синологдордун (Ф. Хирт, П. Будберг) көз карашы б-ча К. ж-дөгү алгачкы маалыматтар кытай жыл баяндарында сйе ж-а яньто, Тонйукукта сир түрүндө кездешет. Кийин сйелер яньтолорду багындырып, сйеяньто (Сыр-Тардуш) уруусун түзгөнү ж-а алар уйгур, байегу, тунло, пугу сыяктуу эле хунндардын тйелэ (телес, теле) уруусунун бир бутагы экени айтылат. М. Кашгари кыргыз, огуз, тухси, чигил, ягмалардай эле К. да таза түрк тилинде сүйлөгөнүн белгилесе, мусулман жазма даректеринде «кыфчак», «кыбчак», орус жыл баяндарында «половецтер», батышта «куман», «коман» түрүндө берилген. Бирок айрым окумуштуулардын (Т. И. Султанов, С. Г. Кляшторный) пикири б-ча байыркы кытай жыл баяндарында кездешкен «кюеше» («цзюше») этноними фонет. жактан К-га тиешеси жок. К. алгачкы жолу уйгурлардын каганы (745) Моюн Чурдун эстелигинде (751) эскерилип, уйгурлар 50 жыл аларга көз каранды болгону айтылат. Кытай жыл баяндары б-ча жужаңдардын империясы кулагандан кийин (552) сйеяньтолор Түрк кагандыгына, кийинчерээк Батыш Түрк кагандыгына карап, башка түрк уруулары м-н бирге Чыгыш Теңир-Тоодон Түш.-Батыш Алтайга чейинки аймакты ээлешкен. Түрк кагандыгынын кыйрашы м-н (630) саясий аренага сйеяньто ж-а уйгурлар чыгып, көп өтпөй эле кээ бир түрк уруулары (тогуз-огуз) м-н кошулган сйеяньтолор Ильтэр тукуму башында турган өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишет. К-дын күчөп баратканынан кооптонгон Тан империясы уйгур ж-а огуз уруулары м-н союз түзүп, сйеяньтолорду катуу кырышкан (к. Кыпчак кыргыны). 735-жылдан сир этноними жоголуп, 8-к-дын рун тексттери м-н араб маалыматтарында (Ибн Хордадбек, Гардизи, Ибн ал-Асир) түрк урууларынын бири К. (кыбчак, хифджак ж. б.) ж-а алар кара, ак, сарылар болуп бөлүнгөнү ж-дө айтылат. Бул уруу бирикмеси 8–9-к-да кымактар м-н этностук-саясий карым-катнашта болгон. 10–11-к-да К. эки багытка – түштүккө (Мавераннахр) ж-а батышка (Волга боюна) журт которушкан. Бул мезгилде К-дын кайрадан күч алышы м-н печенегдер Дон, Дунай д-нын жээктерин карай чегинет. М. Кашгаринин эмгеги б-ча 9-к-да К. имак, карабөрүк, субар, каңлы, токсаба, бөрүлүү ж. б. уруулардан турган. Кээ бир араб, фарсы даректери б-ча 12–13-к-да Иртыштан Дунайга чейинки эбегейсиз зор аймакка үстөмдүк кылышкандыктан, ал жерлер Дешт и-Кыпчак (Кыпчак талаасы) деген ат м-н белгилүү болгон. 13-к-да моңголдордун чабуулуна байланыштуу К-дын бир бөлүгү аларга баш ийип калышса, айрымдары Балкан ж. а-н көздөй жылып кеткен. Батый хан негиздеген Алтын Ордонун негизги бөлүгүн К. түзүп, ал ыдырагандан кийин ар кайсы улустун курамында калышкан. Негизинен К. ээлеген аймактын этностук абалы бир кылка болгон эмес, ошондуктан алар кымак, кыргыз, печенег, булгар, хазар, берендей, истяк ж. б. угор-финн этнокомпоненттерине сиңип турушкан. Азыркы каракалпак, башкыр, лакай, кыргыз, түркмөн, алтай, ногой ж-а крым татарлары сыяктуу түрк тилдүү элдердин курамында кыпчак уруулары көп кездешет. Казак эли болсо өздөрүнүн этногенезин К. аркылуу түзүлгөн деп эсептешет. Кыргыздардын ичиндеги К. (к. Кыпчак) санжырада бир нече уруктардан куралат. Түрк тилдеринин генеал. классификациясында батыш хунн тобундагы кыпчак бутагы о. кылымдан баштап кийинки кыргыз, казак, түркмөн, уйгур, каракалпак, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, көчмөн өзбек, коңурат, катаган, лакай ж. б. элдердин калыптанышына чоң таасир тийгизгени белгиленет. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө да кыпчак тилинин таасири тийген. Ал эми ар кайсы элдин курамына кирген (каракалпаккыпчак, казак-кыпчак, ногой-кыпчак, башкыр-кыпчак ж. б.) кыпчак уруу аталыштарындагы эн тамга, этноним, тамга белгилеринин ортосунда этногенетикалык жалпылыктар бар.
Ад.: Голубовский П. Б. Печенеги, тюрки и половцы до нашествия татар. Киев, 1884; Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань, 1906; Кюнер Н. В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Шаниязов К. Ш. К этнической истории узбекского народа (историко-этнографическое исследование на материалах кипчакского компонента). Таш., 1974; Кумеков Б. Е. Арабские и персидские источники по истории кипчаков XI–XIII вв., А.-А., 1987; он же.
Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII–XIII вв., СПб., 1994; Плежнева С. М. Половцы. М., 1990; Кляшторный С. Г., Султанов Т. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. А., 1992; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072– 1077). Б., 1997; Гаркавец А. Н. Кыпчакское письменное наследие, в 2-х т., А., 2002.