КЫПЧАК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫПЧАК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ – о. кылымдардагы түрк тилдүү урууларга таандык жазма эстеликтер. Кыпчак тили ж-дө толук маалыматтар 1234-ж. итал. ж-а немис монахтары түзгөн 2994 сөздөн турган «Кодекс Куманикус» аттуу латын-фарсы-кыпчак сөздүгүндө чагылдырылган. Сөздүктө христиан дубалары ж-а 50 табышмак берилген, ал 1880-ж. Будапештте Геза Кун тарабынан басылып чыккан. 15–17-к-дагы Каменец-Подольскиде армян алфавитиндеги хроникалар ж-а соттук актылар кыпчак тилинде жазылган. Алардын ичинен 1492–1537-ж-ды камтыган Венеция хроникасы белгилүү. Бул хрониканы 1896-ж. тарыхчы Г. Алишан басып чыгарган.