КЫМЫЗ МЕНЕН ДАРЫЛОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫМЫЗ МЕНЕН ДАРЫЛОО – дарылоодо бээ сүтүнөн ачытылган кымызды пайдалануу. К. м. д. кургак учукту дарылоочу санаторийлерде кеңири колдонулат. Төөнүн, уйдун, эчкинин сүтүнөн да кымыз ачытылат. Бирок алардын ичинен организмге жагымдуулугу, пайдалуулугу, минерал заттардын көптүгү жагынан бээ кымызы артыкчылык кылат. Кымызда Д, РР, А, В, С витаминдери, сүт к-тасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болот. Кымызды ичкенден кийин ичеги карын жолдорунун бездери дүүлүгүп, карын зилин чыгаруу күчөйт. Ошондуктан аны ач карын ичүүгө болбойт, ант­кени ал карын, ичегилерди тез дүүлүктүрөт. Айрым оорулууларга жаңы саалган бээ сүтүн ичүү да сунуш кылынат. Кымыз тамакка табитти ачат. Анын курамындагы сүт к-тасы тамак-аш­тагы белок, май, кантты сиңирүүгө көмөк болот. Кымыз ичкенде адегенде жүрөктү лакыл­датып, кан басымын бир аз көтөрөт, дени соо адамдар андан бат эле арылып, тамырдын кагышы кадимки абалына келет. Кан тамырлар­га да кымыз жакшы таасир тийгизип, эритро­циттер м-н лейкоциттердин саны артат. Бирок гипертония оорусунда, жүрөк кемтигинде кы мыз ичүүгө болбойт. Кымыз туберкулёз оорула­рында, аз кандуулукта, о. эле өнөкөт бронхит, энтероколит ж. б. кеселдерде врачтын кеңеши м-н ичкенде гана пайдалуу. Сапаттуу жасалган, өлчөмү м-н ичилген кымыз ден соолукту чың дап, өмүрдү узартууга өбөлгө болот.