КЫЛЫЧЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЫЛЫЧЕВ Мукай [11. 3. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) р-ну, Ак-Кыя айылы – 22. 3. 1989, Нарын р-ну, Чет-Нура айылы] – туңгуч агартуучу, Кыргыз ССРинин мад-ына эмг. сиң. кызматкер (1969), СССРдин (1984) ж-а Кыргыз ССРинин эл агартуусунун (1966) от­личниги. Кыргыз мамл. мугалимдер ин-тун (1951), Кырг-н мамл. педагогика ин-тун (1958), КМУнун тарых ф-тин (1957) бүтүргөн. 1942-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Тянь-Шань р-нунун Ак-Кыя, Чет-Нура, Эмгекчил, Орто-Саз, Ийри-Суу, Жданов, Ленин атн., Ат-Башы р-ну­нун Киров атн. орто мектептеринде мугалим ж-а директор болуп иштеген. Респ-нын билим берүү тармагында предметтерди кабинеттик система­га өткөрүү, факультативдик сабактарды уюш­туруу, сабакта көрсөтмө куралдар ж-а тех. каражаттар м-н иштөө б-ча жаңы ыкмаларды киргизүүдө, о. эле Кырг-ндын тарыхын оку­тууда ж-а жаштарды тарбиялоодо эмгек сиңирген. 100дөн ашык метод. макалалары жарык көргөн.


Эмг.: Кыргызстандын тарыхы боюнча факультативдик сабактарда айрым темаларды окутуунун жолдору. Ф., 1976.