КЫЛЫЧЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЛЫЧЕВ Мукай [11. 3. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) р-ну, Ак-Кыя айылы – 22. 3. 1989, Нарын р-ну, Чет-Нура айылы] – туңгуч агартуучу, Кыргыз ССРинин мад-ына эмг. сиң. кызматкер (1969), СССРдин (1984) ж-а Кыргыз ССРинин эл агартуусунун (1966) отличниги. Кыргыз мамл. мугалимдер ин-тун (1951), Кырг-н мамл. педагогика ин-тун (1958), КМУнун тарых ф-тин (1957) бүтүргөн. 1942-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Тянь-Шань р-нунун Ак-Кыя, Чет-Нура, Эмгекчил, Орто-Саз, Ийри-Суу, Жданов, Ленин атн., Ат-Башы р-нунун Киров атн. орто мектептеринде мугалим ж-а директор болуп иштеген. Респ-нын билим берүү тармагында предметтерди кабинеттик системага өткөрүү, факультативдик сабактарды уюштуруу, сабакта көрсөтмө куралдар ж-а тех. каражаттар м-н иштөө б-ча жаңы ыкмаларды киргизүүдө, о. эле Кырг-ндын тарыхын окутууда ж-а жаштарды тарбиялоодо эмгек сиңирген. 100дөн ашык метод. макалалары жарык көргөн.
Эмг.: Кыргызстандын тарыхы боюнча факультативдик сабактарда айрым темаларды окутуунун жолдору. Ф., 1976.