КЫЛЫЧЕВ 2: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЛЫЧЕВ Акылбек Мукаевич [25. 12. 1965- ж. т., Нарын обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) р-ну, Чет-Нура айылы] – дипломат, чыгыш таануучу, тарых илимд. доктору (2005). КМУну (1989), Ташкенттеги Абу Райхан Бируни атн. Чыгыш таануу ин-тунун аспирантурасын (1992), Араб Египет Респ-нын ТИМнин алдындагы Дипл. академиянын курсун (1998) бүтүргөн. 1989–90-ж. КМУнун тарых ф-тинин Байыркы жана орто кылымдар тарыхы, 1992–99-ж. Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедраларында окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1999–2003-ж. КРдин Иран Ислам Респ-нын элчилигинде 1-катчы, консулдук бөлүмүндө жетекчи, 2003–05-ж. КР ТИМдин Чыгыш өлкөлөрү башкармалыгында кеңешчи, 2005-жылдан КРдин Иран Ислам Респ-ндагы элчисинин орун басары. КРдин Атайын ж-а ыйгарым укуктуу кенже элчиси (2008) дипл. жогорку рангага ээ. Фарсы тилдүү булактардын негизинде жазылган 40тан ашуун ил. эмгектин (а. и. 2 монография) автору.