КЫЗЫЛ-ЭМГЕК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ-ЭМГЕК – Нарын обл-нун Жумгал р-нундагы кыштак. Жаңы-Арык айыл округуна караштуу. Базар-Турук суусунун боюнда, деңиз деңг. 2150 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш-нан 45 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 135 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 1268 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.