КЫЗЫЛЧА ТИККИЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛЧА ТИККИЧ үрөндүк кызылчаны жөөккө аралыгын 60–70 см чарчылап тигет. Тиккич аппаратка үрөндүк кызылча жарым автоматтын жардамы м-н келет. К. т. дисктүү аппарат, диск тибиндеги кызылча көмгүч, дөңгөлөк, маркер, гидросистема ж-а отургучтан турат. Трактордун кыймыл берүүчү валынан иштейт. К. т-тин эки конусу бар. К. т. аппараты конустун илиништиргичинен кыймылга келет. Тиккич аппараттын рамасына эки жакка ачылма конусу бар эки дөңгөлөк, кызылча түрткүч, ачып тургуч, тигилген кызылчаны көмгүч орнотулат. К. т. тракторго чиркелет. Саатына 0,84 га жерге кызылча тигет.