КЫЗЫЛ-САЙ ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ-САЙ ЧОПО КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Сүлүктү ш-нан 5 км түндүктө, Коргон кыш-нан 2 км түн.-чыгышта, Түркстан кырка тоосунун түн. этегинде, деңиз деңг. 950–1200 м бийикте. 1967-ж. геол. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилиндеги чөкмө тектер түзөт. Кумайлуу чопо эолдук чөгүндүдөн пайда болгон. Уз. 1–2 км, калыңдыгы 2–20 м. Өңү боз, майда көзөнөктүү. Гранулометриялык курамы: бүртүкчөлөрү 0,001 ммден төмөнкүсү – 29,5%, чаң – 0,25–0,01 мм – 61,5%, кошундулар 0,5 мм – 0,99%. Суу сыйымд. 24,4%, нымдалгандагы ийкемдүүлүгү жогору. Хим.-технол. касиети б-ча кумайлуу чоподон «125» маркасындагы кыш жасоого болот. Запасы С категориясы б-ча 4237 миң м3, 1996-жылга калган запасы С – 900 миң м3. Кумайлуу чопо кени ачык казылып алынууда.