КЫЗЫЛ ӨPҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ ӨPҮ́ K, а б р и к о с (Armeniaca) – роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмө дарак ж-а бадал уруусу. Дарагынын бийикт. 15 мдей, жалбыра­гы жазы, учтуу, гүлү ак, кызгылт, жалбырагынан мурда ачылат. Мөмөсү – данектүү, сүйрү, ирдүү, сулпу жумшак, ширелүү ж-а даамдуу. Азияда 10 (КМШ өлкөлөрүндө 6) түрү бар. К а-д и м к и К. ө-кө (A. vulgaris) өстүрмө К. ө. сортторунун баары кирет. М а н ж у р К. ө-үнүн (A. manshurica) мөмөсү ширелүү, бирок анча таттуу эмес; С и б и р ь К. ө-ү (A. sibirica) м-н Д а в и д К. ө-нүн (A. davidiana) мөмөсүнүн сулпу кургак келип, желбейт. Кумдак, таштак, чополуу жерде жакшы өсөт. Дарагы кыйыш­тыргандан 3–4 жылдан кийин мөмөлөйт. Мө­мөсүндө 4–20% түрдүү кант, алма ж-а лимон к-талары, 0,38–1,27% пектин заты, каротин; да­негинде 29–58% май ж-а А, С витаминдери болот. Мөмөсү желет, о. эле кургатылып как, кур­гак өрүк даярдалат, компот, шире, кыям кай­натылат. Дарагы шабдалыны кыйыштырууда (кыюу асты катары) пайдаланылат. Гектары­нан 8–12 т түшүм алынат. Кырг-нда райондоштурулган К. ө-түн негизги сорттору: Ош обл-нда – Арзами, Советский, Супхани, Исфарак; Чүй ж-а Ысык-Көл өрөөндөрүндө – Никитский, Королевский, Кызыл бөйрөк ж. б. Илдеттери: кляс­тероспориоз, вертицеллёз, цитоспороз. Зыянкеч­тери: чиечи, өрүкчү шиш тумшуктар, ак ж-а сары коңуз.