КЫЗЫЛ-ОЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-ОЙ – Чүй обл-нун Жайыл р­нундагы кыштак. Суу самыр айыл округуна караштуу. Көкөмерен суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Балта ш-нан 160 км ж-а т. ж. беке­тинен 145 км. Кыштак 1927-ж. негизделген. Калкы 950 (2010); негизинен мал асырап, тоют даярдашат. Орто мектеп, китепкана, клуб, мад-т үйү ж-а ФАП бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, маалымат борбору, бир нече соода жайлары иштейт. Кыштакта болуш Түркмөн Сарыпбек уулуна эстелик тургузулган.