«КЫЗЫЛ-КЫЯ КӨМҮР»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

«КЫЗЫЛ-КЫЯ КӨМҮР» – акционердик коом (1996). 1891-ж. Кызыл-Кыяда алгачкы шахталар пайда болгон. Аларда 800гө жакын жу­мушчу иштеген. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки алгачкы беш жылдыктардын ичинде Кырг-ндын шахталары жайгашкан райондор таанылгыстай өзгөргөн. Майда шахталардын ордуна жаңы техникалар м-н жабдылган кубаттуу мамл. ишканалар салынган. Алгачкы миллион т көмүр 1972-ж. казылып алынган. 1973–85-ж. жыл сайын миллиондон ашык т көмүр казылып алынып турган. Респ-да эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык шахта башкармалыктары менчиктештирүүнүн PESAC программасына кир­ген. Бул программага ылайык 1995-ж. «Кызыл- Кыя» шахта башкармалыгы кирешесиз ишка­на катары жоюлуп, анын базасында «Кызыл- Кыя көмүр» МАК, 1996-ж. «Кызыл-Кыя көмүр» АК түзүлгөн. Коомдун негизги продукциясына көмүр, гипс ташы, глиеж, гумин, гипс күкүмү, каолин чопосу кирет.