КЫЗЫЛ-КЫЯ ЖУМУШЧУ ДЕПУТАТТАР СОВЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ-КЫЯ ЖУМУШЧУ ДЕПУТАТТАР СОВЕТИ – Кырг-ндын аймагында биринчи болуп ишке киришкен депутаттар кеңеши. 1917-жылдагы Февраль бурж.-демокр. рев-ясынын (к. Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы, 1917) таасири м-н 1917-ж. 6-мартта Кызыл- Кыя көмүр кенинде түзүлгөн. 26-апрелде анын төрагалыгына большевик И. И. Едрёнкин шайланган. Совет негизинен жумушчулардын мүдөөсүн жактап, 8 сааттык жумуш күнүн киргизүү, профсоюз уюмун түзүү, жумушчу милициясын уюштурууда чоң иштерди аткарган. Октябрь рев-ясынан кийин бийликти өз колуна алууда ж-а аны чыңоодо жигердүү күрөш жүргүзүшкөн.
Ад.: Зима А. Г. Советы в Киргизии в 1917 г. Ф., 1962; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана (Становление политической системы Кыргызского общества). Б., 2005.