КЫЗЫЛ-КҮНГӨЙ ГРАНИТ-ДИОРИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-КҮНГӨЙ ГРАНИТ-ДИОРИТ КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Эски-Ноокат кыш-нан 4 км түн. тарапта, Араван суусунун сол жээгинде. 1973–75-ж. изилденген. Мында гранит-диорит массиви кеңдик багытта шток түрүндө узатасынан созулуп жатат. Анын уз. 2,4 км, туу­расы 1,2 км, аянты 2,9 км2. Гранит-диорит түсү б-ча ачык жашыл, ачык күрөң болуп 2 түргө бөлүнөт. Орто ж-а ири кристаллдуу, массивдүү, өтө кооз, жакшы сайкалданат, ачык жашыл жана күрөң түстүү жалтырак бетти пайда кы­лат. Суукка чыдамдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү жо­гору. Блокторго жакшы ажырайт; 1 м3 блоктон 17–18 такта алууга болот. Запасы мол.