КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ноокен айыл округуна караштуу. Шалка суусунун оң өйүзүндө, Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 575 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 11 км батыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 56 км. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1194 (2009); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Бала бакча, китепкана бар. Кыштакта 2 дыйкан чарба, тех. сервис, соода түйүндөрү иштейт.