КЫЗЫЛ-ЖАР – СУЗАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ-ЖАР – СУЗАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нунда, Жалал-Абад т. ж. бекетинен 12 км түш.-батышта, деңиз деңг. 860–940 м бийикте. 1958-ж. изилденген. Целестин бор мезгилинин дат ярусунда жайгашкан. Эки участкадан турат. Кызыл-Жар участкасында кенташ тулкусу кабат түрүндө 1150 мге, Сузак участкасында 2060 мге созулуп жатат. Целестин негизинен желвак сымал кездешет. Стронций оксидинин өлчөмү 2,38%тен 54,13%ке чейин өзгөрөт. Целестин кенташта текши тараган эмес, 1 м3 массасынан алынган 64 кг концентратта стронций оксидинин өлчөмү 63,5%. Целестиндин запасы С1 категориясы б-ча 32,7 миң т.