КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН 1: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Жазы суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1050 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 11 км түн.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 57 км. Калкы 2862 (2009); негизинен дыйкан ж-а мал чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тегирмен, мончо иштейт.