КЫЗЫЛ ДЕҢИЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ ДЕҢИЗ Инди океанындагы Жер ортолук деңиз, Африка материги м-н Араб ж. а-нын (Түш.-Батыш Азия) аралыгында жайгашкан.

Египет, Судан, Эфиопия, Израиль, Иордания, Сауд Арабиясы ж-а Йемен мамлекеттеринин жээктерин чулгап жатат. Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу Инди океаны, Суэц каналы аркылуу Жер ортолук деңиз м-н туташат. Аянты 460 миң км2. Эң терең жери 3039 м. Жээктеринде булуң-буйткалар аз. Суэц ж-а Акаба булуңдарынын (түндүгүндө) аралыгында Синай ж. а. деңизге кирип турат. Ири аралы – Дахлак. Суткасына 2 жолу ташкындайт, бийикт. деңиздин ачык бөлүгүндө 0,6 мге жетет. К. д. дүйнөдөгү эң жылуу (32°Сге чейин) ж-а туздуу (38–42‰) көлдөрдүн бири. Европаны Азия ж-а Австралия м-н байланыштыруучу кыска деңиз жолу. Балык кармалат, бермет алынат. Негизги порттору: Суэц (Египет), Порт-Судан (Судан), Массауа (Эфиопия), Жида (Сауд Арабиясы), Ходейда (Йемен). Деңиздин аты андагы көптөгөн балырлардын (Frishodesmium erythraeum) сууга кызыл түс берип турушунан пайда болгон деп божомолдонот.