КЫЗЫЛ-АТА ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-АТА ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Ала-Бука кыш-нан 6 км түн.-чыгышта. 1987-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кендин калыңдыгы 15 мден 17 мге чейин, палеоген мезгилинде пайда бол­гон чоподон турат. Чопо катмары 1 кмге чейин түн.-чыгыш тарапка созулуп жатат. Чопо жеңил эзилгич, кызыл-күрөң, ийилгич, кол м-н кармаганда майланышкансып турат. Чопо «100» маркасындагы кыш жасоодо, пластирлөөчү ко­шумча (30% ж-а андан көп) катары колдонулат. Запасы С1 категориясы б-ча 140,7 миң м3. .