КЫЗЫЛ-АТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-АТА – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Ак-Там айыл округуна ка раштуу. Деңиз деңг. 1276 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Ала-Бука кыш-нан 5 км чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 70 км. Калкы 2064 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, клуб, ФАП бар. Тегирмен, май сыгуучу цех иштейт.