КЫЗЫЛ-АЛМА ГАЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-АЛМА ГАЗ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Фергана тоо тизмегинин түш. этегиндеги адырда, Майлы-Суу ж-а Нарын д-нын аралыгында. 1968-ж. табылган. Кен мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон тоо тектердин антиклиналдык түзүлүшүндө жайгаш­кан. Газ 2780 м тереңдиктеги чопо, гравелит катмарчалары бар кумдук м-н алевролитте топтолгон. Газ жаткан аянт 2800,5 км2. Газдуу кабаттын калыңдыгы 32 м. Катмар басымы 321 кгс/см2. Суткалык дебити 174 миң м3. Газдын курамында метан 73–77,8%, этан 2,3–7,7%, пропан 0,8–1,37%, бутан 0,3–0,56%, пентан м-н жогорку сапаттагы газ 0,3%, азот ж-а сей­рек кездешүүчү газ 20% кездешет. Күйгөндө жылуулук берүүсү 26,46–32,08 МДж/кг. Чалгындалган запасы 1419 млн м3 (1974). Ош обл-нун ө. ж. ишканаларын газ м-н камсыз кылат.