КЫЗ ОЮН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗ ОЮН – кызды күйөөгө берерде же жигит күйөөлөп келгенде кыз м-н жигиттер чогулуп, көңүл ачуучу салттык оюн-тамаша. К. о. атайын тигилген өргөөдө өткөрүлүп, ага күйөө, күйөө жолдош, алардын теңтуштары, эки та­раптын жеңелери, жакын туугандар, жек-жааттарынан жаштар катышкан. Өргөөгө кыз курбулары ж-а жеңелеринин коштоосунда (күйөө тараптагылар тиешелүү көрүндүгүн бергенден кийин) кирген. Кыз-келиндер өргөөгө жайгаш­кан соң, оюн башчы: «азыр күйөө бала жаңылбай такыя сайса, колуктусунун үстүнө кирип, жанына отурат, жаңылса чоң айыбын тартып, кызыбыздын алдына түшөт», – деп жарыя айтып, босогонун бир жагынын туурдугун, чийин кичине ачып берген да, окшош кийимчен топ кызды көрсөтүп: «тиги кыздардын кимиси колуктуң, такыясын сайып көрсөт»,– деген. Күйөө эмне м-н көрсөтөрүн билбей кайсалактап калганда, укурукчан жигит жанына келген. Уку­ругуна күйөө кол созгондо, жеңеси «укурук акы­сын» сураган. Укурукту кереге көзүнөн сойло­туп, жүзүн жашыра эңкейе берген топ кыздын ичинен өз колуктусунун такыясын укуруктун ичке учу м-н акырын түртүп коюу м-н үйгө ки­рип, колуктусунун жанына отурган. Эгер жаңылып башка кыздын такыясын сайып алса, колуктусунан да, балдызынан да кечирим су­рап, ырдоого, такыясы кыйшайган кызга бирдеме (буюм, кийим, пул) тартуулоого аргасыз болгон. Күйөө өргөөгө кирип, колуктусунун жа­нына отурган соң, шакек салмай, бут басмай (күйөөнү, кызды таңмай), жоолук таштамай, кыз өпмөй, жолдош сурамай ж. б. оюндар ой­нолуп, сүйүү, ашыктык, махабат, арзуу ырла­ры ырдалып, күү чертилип, жар көрүшүү салта­наты башталган. Буга сармерден, жаңылмач, о. эле тамаша иретинде кайым айтышуу (кор­доо) да аралашкан. К. о-нда күрөш, аркан тар­тыш, бука тартыш, кыз куумай, о. эле жамбы (кыйык) атыш, оодарыш, көк бөрү, ат чабыш оюндары өткөрүлгөн учурлар да болгон.