КЫДЫРАЛИЕВ Хасанбек Кадыржанович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫДЫРАЛИЕВ Хасанбек Кадыржанович (17. 6. 1960-ж. т., Москва) – оператор-коюучу, Кырг-н жаштар сыйл. лауреаты

(«Чуркаган ит», 1991), Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты («Беш кемпир», 2000), КРдин иск-восуна эмг. сиң. ишмер (2001), КРдин эл арт. (2011). Бүткүл россиялык мамл. кинематография ин-тун 1988-ж. бүтүргөн. 1988–96-ж. «Кыргызфильм» киностудиясында, 1996-жылдан «Ордо» продакшн-студиясында оператор-коючу болуп иштейт. 20дан ашык көркөм тасма тарткан: «Аномалия» («Кыргызфильм», реж. Г. Базаров, 1991), «Кылым карытар бир күн» («Катарсис», реж. Б. Карагулов, 1994), «Селкинчек», «Беш кемпир» [«Кыргызфильм», реж. А. Абдыкалыков (Актан Арым Кубат), 1997–98], «Абайдын жаш курагы», реж. А. Амиркулов, 1995), «Жаш аккордеончунун өмүр баяны» («Казакфильм», реж. С. Нарымбетов, 1993), «Маймыл» («Кыргызфильм», реж. А. Абдыкалыков,

2000), «Шиза» («Казакфильм», реж. Г. Омарова, 2004), «Мергенчи» («Казакфильм», реж. С. Апрымов, 2004), «Рекетир» («Сатайфильм», реж. А. Сатаев, 2007) ж. б.