КХАСИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КХА́СИ – Түн.-Чыгыш Индияда (Мегхалая, Ассам штаттары) ж-а Бангладештин коңшу ай­мактарында жашаган эл. Негизинен Кхаси ж-а Жайнтия тоолорунда жашайт. Саны Индияда 1,3 млн, а. и. Бангладеште 80 миң, Мегхалая штатында 1,25 млн киши (2009). К. өз алдынча пнар же синтенг, бхои, вар, лингнам ж. б. топ­торго бөлүнөт. Кхаси тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү протестанттар, башка дин туткандары да бар. К-де уруу топтору аял жагынан болгон туугандыкка негизделип түзүлгөн,

Салттуу кийимчен кхаси аялдары.

байыркы уруу коомунун саркындылары сакталып калган. Үй-бүлөдө аялдар үстөмдүк кылат. Үй мүлкү кичүү кызына мурасталат. К-лер дыйканчылык, тоо аймактарында канаттууларды багуучулук ж-а балчылык м-н кесиптенишип, дубалы бамбуктан тургузулуп, ылай м-н шыбалган, үстү саман м-н жабылган үйлөрдө жашаган. Аялдар тигилбеген юбка ж-а күрмө же жамынма жамынып, башына металл таажы киет. Аялдар да, эркектер да кооздуктарды та­гынышат. Эркектер көйнөк, күрмө ж-а ыштан кийип, башына селде оронушат. Тамак-ашы не­гизинен күрүч, эт, балык. Суусундук катары чай ж-а күрүчтөн даярдалган пивону кеңири колдонушат.