КҮЧЛҮК ХАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮЧЛҮК ХАН (болжол м-н 1180–1218) – наймандардын ханы, Таян хандын уулу. Атасы Таян хан өлгөндөн кийин аталаш агасы Буйрук хандын жардамы м-н моңголдорго каршы күрөш жүргүзгөн. Бирок найман, меркит уруулары моңголдордон талкаланып, 1204-ж. Буйрук хан, 1205-ж. меркит ханы Тохтабектер өлтүрүлгөн соң, наймандардын бир бөлүгүн ээрчитип, К. х. О. Азиядагы Кара кытай мамлекетине качып келип, баш калкалаган. Адегенде гурхандын ишенимине кирип, көп өтпөй ага каршы козголоң уюштуруп (1212), андан бийликти тартып алган. Ошол эле жылы Алтайга кол салып, Алмалыкты чаап, Кашкарды багындырып, Чыңгыз хандын аскерлери м-н бир нече жолу беттешкен. 1218-ж. Жебе нойон жетектеген моңгол аскерлери м-н болгон салгылаштын биринде каза болгон.
Ад.: Рашид ад-Дин. Сборник летописей. Т. 1, кн. 1–2. М.; Л., 1952.