КҮЧЛҮК ХАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЧЛҮК ХАН (болжол м-н 1180–1218) – наймандардын ханы, Таян хандын уулу. Атасы Таян хан өлгөндөн кийин аталаш агасы Буй­рук хандын жардамы м-н моңголдорго каршы күрөш жүргүзгөн. Бирок найман, меркит уруу­лары моңголдордон талкаланып, 1204-ж. Буй­рук хан, 1205-ж. меркит ханы Тохтабектер өлтүрүлгөн соң, наймандардын бир бөлүгүн ээрчитип, К. х. О. Азиядагы Кара кытай мамлекетине качып келип, баш калкалаган. Адегенде гурхандын ишенимине кирип, көп өтпөй ага каршы козголоң уюштуруп (1212), андан бийликти тартып алган. Ошол эле жылы Алтайга кол салып, Алмалыкты чаап, Кашкарды багындырып, Чыңгыз хандын аскерлери м-н бир нече жолу беттешкен. 1218-ж. Жебе нойон жетекте­ген моңгол аскерлери м-н болгон салгылаштын биринде каза болгон.


Ад.: Рашид ад-Дин. Сборник летописей. Т. 1, кн. 1–2. М.; Л., 1952.