КҮЧАЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЧАЛА , к у с т у р у у ч у ж а ң г а к (Stychnosnux vomica) – өсүмдүктөрдүн стрихностор уруусуна кирген дайыма жашыл дарак. Азия, Африканын ж-а Түн. Австралиянын тро­пик токойлорунда өсөт. Мөмөсү катуу, бир жагы томпок, экинчи жагы кабырыңкы топчудай 2-8 уругу болот. Анда медицинада, ветеринарияда кеңири колдонулуучу .,

Күчала: 1– гүлдүү бутагы; 2 – жара кесилген мөмөсү.

алколлоиддер – стрих­нин, бруцин бар. О. Азия элдеринде дары ж-а уу катары байыртадан кеңири колдонулуп кел­ген. К. ж-а андан алынган дары-дармек борб. нерв системасынын иш-аракетин күчөтөт. Көбүрөөк берилсе, дене тырышып, карышат. Организмдин жалпы кубатын чыңдоо максатында зат алмашуу бузулганда, организм начарла­ганда, бат чарчоодо, гипертонияда, интоксация­нын ж-а инфекциянын кесепетинен жүрөктүн иштеши басаңдаганда, шал болгондо колдону­лат. К. кыргыз дарыгерчилигинде илгертен бел­гилүү. К-ны сууга кайнатып, кымызга, бозого кошо ачытып, узак оорудан күч-кубаты начар­лаганда, эски ооруларды дарылоодо ж-а жал­пы эле көңүл көтөрүү үчүн пайдаланылган. Аңчылыкта карышкыр, түлкү ж. б-ды уктатуу үчүн да колдонулган.