КҮЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮЧ м е х а н и к а д а – берилген материалдык нерсеге башка нерсенин мех. таасиринин чени; өз ара аракеттенүүсүнүн мех. ченин көрсөтүүчү вектордук чоңдук. Бул өз ара аракеттенүү нерселер бири-бири м-н тийишип турганда (мис., ба­сым, сүрүлүү), о. эле алыс турган нерселер өздөрү түзгөн талаа (тартылуу талаасы, электр-магнит талаасы) аркылуу жүзөгө ашырылат. К. нерсе­ге аракет кылганда, нерсе ылдамдыгын өзгөртөт да, ылдамданууга ээ болот же деформацияланат. К. – убакыттын ар кандай учурунда сандык мааниси, мейкиндиктеги багыты, аракет этүү чекити м-н мүнөздөлөт. К-тү кошуу параллелограмм эрежеси м-н түшүндүрүлөт. К-түн ба­гытына дал келген түз сызык К-түн аракет этүү сызыгы деп аталат. Эгер нерсени деформация­ланбаган (абс. катуу) нерсе деп алсак, К-тү ара­кет этүү сызыгынын каалаган чекитине жайгаш­тырсак болот. К. с т а т и к а л ы к ж-а д и­н а м и к а л ы к ыкма м-н өлчөнөт. Статитикалык ыкма өлчөнүүчү К-тү мурда белгилүү К. м-н тең салмактоого, ал эми динамикалык ыкма динамика законуна F=ma негизделген. Эгерде нерсенин массасы m ж-а анын инерция­лык эсептөө системасына салыштырмалуу эр­кин алга умтулуу кыймылынын ылдамдануусу a белгилүү болсо, бул закондон К-тү (F) табууга болот. К-түн бирдиги (СИде) – 1 ньютон (1Н), массасы 1 кг болгон нерсеге 1 м/сек2 ылдамдануу бере турган К-кө барабар; 1дин = 105Н ж-а 1 кгк = 9, 81

Н.