КҮРӨҢКӨЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮРӨҢКӨЙ Белек уулу (1826, Ысык-Көлдүн Талды-Булак айылы – 1907, ошол эле жер) – залкар комузчу, дастанчы. Улуу комузчу Муратаалынын атасы. Бала чагынан чоор, сурнай, керней тарткан, кийин комуз черткен. Атасы Белек Шабдан хандын сурнайчысы, кернейчи­си болгон. «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама», «Кара өзгөй», «Камбаркан», «Көк сандал», «Сары үңкүр», «Тайбала» ж. б. кара күү­лөрдү аткарган. «Жаныш-Байыш», «Муңдук-Зарлык», «Эр Табылды» дастандарын айткан. Ком­позитор М. Раухвергер «Чолпон» балетине К-дүн «Тайбала», В. Фере «Кыргызстан» аттуу симфониясына «Көк сандал» күүсүн пайдаланган.