КҮРӨК БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮРӨК БУТТУУ МОЛЛЮСКАЛАР (Scapho-poda) – деңизде жашоочу раковиналуу моллюскалар классы. Уз. 1,5 ммден 15 смге чейин. Денесинин эки капталы бирдей. Буту күрөк сымал, топурак казууга ыңгайланган. Ракови­насы узун, түтүк сымал, ийилген, үстүндө те­шиктери бар. Башында оозу ж-а көп сандаган жипке окшош өсүндүлөрү болот. Алар тамак издөө ж-а кармоо үчүн кызмат кылат. Көзү жок. Бакалоору жөнөкөйлөнгөн же жоюлган. Кан ай­лануусу бутунун ыргактуу кыймылы м-н ишке ашат. Булардын 2 түркүмгө, 26 урууга кирген 1000дей түрү бар. Негизинен тропик деңиздери­нин түбүндө жашайт. Айрым жыныстуу. Личинкалары сүзүп жүрүп, 5–6 күндөн кийин суунун түбүнө түшөт. Топурак казып, тиричилигин өткөрөт.