КҮРМӨНТҮ ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮРМӨНТҮ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда. Күрмөнтү кыш-нан 2,5 км батыш тарапта, Күнгөй Ала-Тоонун түш.-чыгыш этегинде. Кен аймагында антропогендеги делювий-пролювий чөкмөлөрү кеңири тараган. Мындагы
чопо катмарынын калыңдыгы 1–22 мге жетет. Катмардын арасында шагыл, кум кездешет.
Чопо күрөң сары түстө. Гранулометриялык курамы: 0,005 ммден майдасы – 21,41%, 0,005– 0,01 мм – 21,39%, 0,05–0,01 мм – 42,25%, 0,25–0,05 мм – 10,59%, 0,5–0,25 мм – 0,95%, 1–05 мм – 1% ж-а 1 ммден кесеги – 2,44%. Хим.-
технол. касиети б-ча жогорку маркадагы портланд-цемент, кыш, «75», «100» маркасындагы карапа, «500», «600», «700» маркасындагы аглопорит алууга жарактуу. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча 1483 миң т. Кен карьерден казылып, чопону Күрмөнтү цемент з-ду пайдаланат.