КҮРМӨНТҮ АКИТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮРМӨНТҮ АКИТАШ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Күрмөнтү кыш-нан 1,5 км түн. тарапта. 1939–84-ж. Кыргыз геология башкармалыгы, «Средазгеолнеруд» трести, Курулуш материалдарын өндүрүү министрлиги чалгындаган. Кен аймагында антропогендеги делювийпролювий чөгүндүлөрү кеңири тараган. Ар кайсы жерде акиташ теги, конгломерат жер бетине чыгып жатат. Пайдалуу катмар каралжын боз, агыш боз акиташ тегинен турат. Акиташ теги таш көмүр мезгилинде пайда болгон, аянты 3,5 км2ге жеткен массивди түзөт. Катмарынын калыңдыгы 80 м. Акиташ теги жогорку сорттогу «600» маркасындагы тез катуучу цемент м-н 1-сорттогу аки алууга жарамдуу. Акиташ тегинин бекитилген запасы: А категориясы б-ча 1144 миң т, В – 5043 миң т, С – 13534 миң т, С2 – 34149 миң т. Кен ачык казылып алынып, Күрмөнтү цемент з-ду пайдаланат.