КҮРМӨК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮРМӨК – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир же көп жылдык чөп; шалынын зыяндуу отоо чөбү. Бийикт. 15–100 см, жалбырагы катуу өзөктүү ж-а сызыкчалуу. Ал өнө баштаганда шалыдан ажыратуу кыйын. Жер шарынын ысык ж-а ме­лүүн алкактарына таралган. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө, Кавказда, Батыш, Чыгыш Сибирде, Ы. Чыгышта, Борб. Азияда өсөт. К. шалыдан 15–25 күн эрте бышып, күбүлүп, даны топуракта 20 ж-га чейин сакталат. Каршы күрө­шүү чаралары: тоңдурма айдоо, аңызды маалын­да малалоо, өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартуу, шалы эгилген талааны 8–10 күн бою 15–27 см тереңдикке чейин көлдөтө сугаруу.