КҮРКҮРӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮРКҮРӨӨ – Талас өрөөнүнүн батышындагы суу, Ассанын бир курамы. Кара-Буура р-нунун ай­магында. Уз. 56 км, алабынын аянты 454 км2. Талас Ала-Тоосунун Манас чокусундагы (4482 м) ж-а Байдамтал, Чыңгыз ашууларынын түндүгүндөгү мөңгүлөрдөн башталат. Терс м-н ко­шулуп, Асса суусун түзөт. Алабынын орт. би­йикт. 2870 м. Эки ири куймасы бар: Көгөндү (сол, уз. 24 км) ж-а Аташ-Чапкан (оң, уз. 32 км). Өрөөнүнүн таманында ж-а беттеринде булактуу саздак жер көп. Алабында мөңгү ж-а 4 көл (жал­пы аянты 0,08 км2) бар. К. тоо аралап шар агат. Тектирчелерди пайда кылат. Кар, мөңгү ж-а бу­лак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чы­гымы 5,98 м3/сек, июлдуку 16,0 м3/сек, марттыкы 2,23 м3/сек. Июнь–июль айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Тоодон чыккандан кийин 13 каналга бөлүнөт. Кара-Буура р-нунун дыйкан чарбаларынын ж-а Казакстандын Та­раз обл-нун чарбаларынын айдоо аянттары суга­рылат. Боюнда Көк-Сай, Арчагул, Кайнар, Шекер, Аманбаев кыш. жайгашкан.