КҮН ЭНЕРГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮН ЭНЕРГИЯСЫ – Күн радиациясынан алынган энергия. 1 км2 аянтка түшкөн энергиясы 4 миң МВтка барабар, аны м-н анча чоң эмес шаарды жылуулук ж-а жарык м-н камсыз кылууга болот. К. э. үйлөрдү жылытууда Күн коллекторунда ж-а жарым өткөргүч материалынан жасалып, электр энергиясын алуу үчүн Күн батареясында, Күн электр станциясында колдонулат. К. э-нан жылуулук, электр ж. б. энергиянын булактарын алууда айлана-чөйрөгө зыян келтирбейт, тескерисинче калыбына келтирилүүчү энергия болуп эсептелет. К. э. – башка бардык энергия түрлөрүнүн (атом энергиясын кошпогондо) булагы (к. Күн).