КҮНҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮНҮМДҮКТӨР (Ephemeroptera) – муунак буттуулар тибинин курт-кумурскалар классынын бир түркүмү. К. өтө байыркы жандыктар тобуна кирет. Өтө жөнөкөй түзүлүштүү канаты бар, уз. 2–40 ммге жетет. Алдыңкы канаты арткысынан чоңураак. Кээ биринин арткы канаты болбойт. Курсагынын арткы бөлүгүндө 3 куйрук жипчеси бар. Анын имагосу азыктанбайт, оозу толук жоюлган. Ичегилери аба капчыкчасына айланган. К. өтө жай учат. К-дүн дүйнө б-ча 2000ден ашык түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 200дөн ашык түрү тараган. Негизинен суу жээгинде кездешет. Имагосу бир күндөн бир нече к үнгө че йи н жа - шайт. Толук эмес өөрчүү жолу м-н көбөйөт. Уруктандыр гандан кийин эркеги өлөт, ургаачысы бир нече миң жумурткасын сууга тууйт. Тирүү туучу түрлөрү да кездешет. К. 3 жылда 25тей жолу түлөп, имагого айланат. К. – балыктын негизги азыгы