КҮНӨӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮНӨӨ – кылмыш жасаган адамдын кылмыш ж-а анын кесепетине карата психикалык мамилеси. К. атайылап ж-а байкабастан жасалган болуп бөлүнөт. Атайылап жасалган кылмыш күнөөнүн бир түрү (формасы) ж-а кылмыш курамынын субъективдүү жагынын негизги бел­гилеринин бири болуп саналат. Атайылап жа­салган кылмыш тикелей же кыйыр ниетте жа­салат. Жеңил ойлуулук же этиятсыздык м-н жасалган туура эмес аракеттер байкабастыктан жасалган кылмышка жатат. Негизинен кыл­мыштар К-нүн бир эле түрү м-н жасалып, кээ бирде байкабастыктын кесепети атайылап жа­салган кылмыштан да оор болгон учур болот. Кылмыштуу аракет К-нүн кош формасында бардык учурда атайылап жасалат, ал эми анын оор кесепети байкабастыктан келип чыгышы мүм­күн. Мындай учурлар кылмыш курамынын оор­дотуучу белгилерине кирет, б. а. күнөөнүн кош түрү кылмыш курамынын оордотуучу белгиле­ринде гана болот. Мында бирөө атайылап, ал эми экинчиси байкабастыктан жасалган бир эле кылмыш курамында эки кылмыштын биригип турганы көрүнөт. Экөө биригип, К-нүн кош формасын түзөт. Ошондуктан кылмыштуу аракеттин (атайылап) ж-а анын кесепетине (байкаба­стык) карата болгон адамдын субъективдүү ма­милесине жараша мындай кылмыштар К-нүн кош (татаал) формасында жасалган кылмыш катары эсептелет.

К. А. Бодобаев.