КҮН КОЛЛЕКТОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КҮН КОЛЛЕКТОРУ – Күн энергиясын чогултуп жылуулук алуучу жалпак түзүлүш (панель). Ал суу м-н камсыз кылуучу системага туташтырылган ийилчээк кара түтүктөрдүн, имарат чатырына жылан сымал орнотулган ысык суу м-н камсыз кылуучу системанын жакшыртылган түрү. Күн энергиясын өзүнө алуу м-н суюктукту айлантат (циркуляциялайт). Жылуулукту коромжуга учуратпоо үчүн маңдайкы бети айнек м-н жабылып, калган бөлүгү жылуулук изоляциялоочу корпуска жайгаштырылат. Жаңы тунук изоляциялоочу полимер же кремний диоксидинин майда тешиктүү гели ж. б. материалдарды колдонуу м-н п. а. к. жогорулайт.