КҮНДӨЛҮК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮНДӨЛҮК – күн сайын жазылуучу өздүк, ил., коомдук мүнөздөгү эскермелер. К. жазуу айрыкча жазуучуларга мүнөздүү. Алар үчүн К. ар түрдүү максатта пайдаланылышы мүмкүн. Мис., жазуучу өзү көргөн, күбө болгон окуялады К-кө түшүрөт. Чыгарма жазганда ал К-төгү материалдарды түздөн-түз сюжетке киргизет. О. эле окуяны, кездешүүлөрдү, жаратылыш көрүнүштөр сүрөттөп жазганда аларды кадимкидей поэтикалык аң-сезимден өткөрөт б. а. К-тү өз алдынча адабий форма катары пайдаланат. Мис., У. Абдукаимовдун Улуу Ата Мекендик согуштун күндөрүндө жазган К-ү. Адабий форма катары каармандын же автордун ички дүйнөсүн чагылдырууда өзгөчө бир мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет; 18-к-дын акырынан кеңири тараган (романтизмдин алдындагы ад-т).