КҮН АТМОСФЕРАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮН АТМОСФЕРАСЫ – Күндүн байкоого мүмкүн болгон сырткы бети. К. а. бир канча түрдүү катмардан турат. Анын көзгө көрүнгөн нур чыгаруучу ички жука бөлүгү – фотосфера. Фотосферанын калыңдыгы 300 км, тыгыздыгы болжол м-н 3.10–4 кг/м3, темп-расы 5700° Кден 4500° Кге чейин (к. Фотосфера). Анын үстүндө 14 кмге созулган х р о м о с ф е р а жайгашкан ж-а тыгыздыгы 10–9 кг/м, темп-расы 5000° Кден 50 000° Кге жетет. Фотосферада Күн тактары ж-а факелдери байкалат. Алардын диаметри 200 миң кмге жетет. Эң жогорку ж-а өтө сейректелген тышкы катмары К ү н т а а ж ы с ы деп аталат. Ал Күн дискин Ай тосуп калып, Күн толук тутулганда байкалат. Хромосферадан Күн таажысына өткөндө (100) темп-ра жогорулап, 50 миңден 2 млн Кге жетет. Күн таажысында (Күн бетинен ~10 миң км) бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгы бир канча жүздөгөн м/сек ж-а бир канча радиус аралыкта үн ылдамдыгына жакын ылдамдыкка жетет. Таажыдагы газдар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын ж-а Күн шамалын пайда кылат.