КҮН АКТИВДҮҮЛҮГҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КҮН АКТИВДҮҮЛҮГҮкүн атмосферасында мезгили м-н болуп туруучу ар кандай кубулуш­тар. Аларга тактар, факелдер, флоккулалар, протуберанецтер, Күн таажысында жаркыроо­лор, ультракызгылт көк, рентгендик ж-а кор­пускулалык нурлануу ж. б. кирет. Күн плазма­сынын магниттик касиети м-н тыгыз байланышкан фотосферанын бир бөлүгүндө магнит агы­мынын көбөйүшү К. а-нүн башталышын бил­дирет. Магнит агымы көбөйүшү м-н хромосфе­рада жаркырактык көбөйөт. Бул облус флоккула деп аталат. Күн фотосферасынын участ­каларында көзгө көрүнүүчү ак жарыктан факел­дер байкалат. Факел ж-а флоккул бөлүнүп чык­кан жердеги энергия көбөйөт, ал магнит талаа­сынын чыңалышын жогорулатат. Активдүү бөлүктө флоккула пайда болгондон 1–2 күндөн кийин күн тактары кичине кара чекиттер тү­рүндө байкалат. Алардын көпчүлүгү тез эле жок болот, ал эми айрымдары ири күңүрт тактарга айланат. Типтүү күн тактарынын өлчөмү бир нече ондогон миң кмге жетет. Күн тактарынын маанилүү өзгөчөлүгү – күчтүү магнит талаасынын пайда болушу. К. а-нүн өтө кубаттуу көрү­нүшү – күчтүү жарк этүүлөр. Алар хромосферанын ж-а таажынын чоң эмес бөлүктөрүндө бай­калат. Жарк этүү – негизинен Күн плазмасы­нын кысылышынан пайда болгон жарылыш. Кысылыш магнит талаасынын күчтүү басымы астында өтөт. Жарк этүү – Жер атм-сынын жогорку катмарына ж-а ионосферага күчтүү таа­сирин тийгизет ж-а бир нече геофиз. кубулуштарды пайда кылат. Күн атм-сындагы зор активдүүлүк – протуберанецтер. Эң күчтүү (максимум) К. а. 11 жылда кайталанып турат. Бул К. а-нүн цикли деп аталат.