КҮМҮШТАК РОГОВИК КЕНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮМҮШТАК РОГОВИ́К КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунда, Бакай-Ата кыш-нан 13–16 км түш.-батыш тарапта, Талас Ала-Тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 3512 м бийикте. 1969- ж-а 1982-ж. чалгындалган. Кен аймагын акыркы рифейдеги талкаланган акиташ м-н аны жиреп чыккан гранит интрузиясы түзөт. Акиташ м-н интрузиянын чегинде темгилдүү роговик, скарн, мрамор пайда болгон. Булардын ичинен эң коозу роговик, анын пироксендүү, диопсиддүү, кварц-диопсиддүү, пироксен-амфиболдуу 4 түрү кезигет. Алардын ичинен баалуусу – диопсиддүү роговик. Өңү жашыл сымал боз, кара, кызгылт көк, ачык кызыл темгилдер учурайт. Уз. 1 кмге созулуп, келки дөңсөөгө айланган. Сайда, коктуда жер бетине чыгып жатат. Жылмалап сайкалдаганда кайталангыс кооз чиймелерди берет. Кеңири диапозондуу кооз такталарды алууга болот ж-а кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Баланстагы запасы А категориясы б-ча 4,5 миң т, В – 8,9 миң т.