КҮМҮШТАК БОР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КҮМҮШТАК БОР КЕНИ Талас обл-нун Бакай-Ата кыш-нан 25 км түштүктө, деңиз деңг. 2200 м бийикте. 1977-ж. табылган. Бор Күмүштак интрузиясынын түн.-батыш бөлүгүндөгү экзоконтакт м-н байланышкан. Ал жерде аксинит, кээде датолит м-н минералдашкан акиташтуу скарн кездешет. Бор ангидритинин өлчөмү датолиттүү скарнда 3–13%, аксиниттүү скарнда – 1,95–3,25%ти түзөт. Кээ бир линзалардын калыңдыгы 75–100 м, уз. 200 м. Бор кездешкен кенташтын болжолдуу ресурсу 1 млн м3ди түзөт.